Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 11-июлу № 7/3
Баш-Булак айыл аймагынын Ачы айылындагы 36 га көп жылдык бактын 7,6 га жери боюнча Баш-Булак айылдык кенешинин атынан сотко кайрылып, кайрадан мамлекеттин эсебине алуу жөнүндө
Баш-Булак айыл аймагынын Ачы айылындагы 36 га көп жылдык бактын мыйзамсыз жеке жактарга өтүп кеткен 7,6 га жери боюнча Ачы айылынын тургундарынын арызын карап чыгып, Баш-Булак айылдык кенешинин атынан сотко кайрылып, кайрадан мамлекеттин эсебине алуу максатында Баш-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Баш-Булак айыл аймагынын Ачы айылындагы 36 га көп жылдык бактын мыйзамсыз жеке жактарга өтүп кеткен 7,6 га жерин кайра өкмөттүн фондуна кайтаруу боюнча Баш-Булак айылдык кенешинин атынан тиешелүү сот органдарына кайрылууга макулдук берилсин.
2.Баш-Булак айылдык кенешинин атынан сотко кайрылып, тийиштүү документтерди дардоо жана сот процесстерине катышуу үчүн Баш-Булак айыл өкмөтүнүн жер адиси Сайдаматов Бектемирге жана мурда иштеп кеткен жер адиси Борбоев Манаска ишеним кат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
| А.Бакиров |