Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 11-июлу № 7/9
Баш-Булак айыл аймагындагы Кызыл-Ордо айылынын жаны конуш-1 (чала мечит) көчөсүнө «Бердибеков Тургунбай» атындагы көчө деп ысым берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана ошол көчөнүн жашоочуларынын протоколунун негизинде, Кызыл-Ордо айылынын тургуну Бердибеков Тургунбайдын баласы Бердибеков Семетейдин арызын карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл аймагынын Кызыл-Ордо айылынын жаны конуш-1 көчөсүнө «Бердибеков Тургунбай» атындагы көчө деп ысым берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Бакиров |