Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 11-июлу № 7/12
Баш-Булак айыл аймагындагы Кызыл-Ордо айылынын жаны конуш (Таш-Дөбө) көчөсүнө «Урайымов Камалжан» атындагы көчө деп ысым берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана ошол көчөнүн жашоочуларынын протоколунун негизинде, Кызыл-Ордо айылынын тургуну Урайымов Камалжандын баласы Урайымов Эрнистин арызын карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл аймагынын Кызыл-Ордо айылынын жаны конуш (Таш-Дөбө) көчөсүнө «Урайымов Камалжан » атындагы көчө деп ысым берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Бакиров |