Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясы
2025-жылдын 11-июлу № 7/13
Баш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Эшме айылында жайгашкан жеке менчик 1237,6 чарчы метр жер тилкесинин багытын өзгөртүү жөнүндө
Жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндөгү сериясы Ч 939813 сандуу мамлекеттик актысы, Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын 2025-жылдын 30-июлундагы № 30 архитектуралык шаар куруу кенешинин корутундусунун негизинде Баш-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылында жайгашкан Кудайкулов Жаныбай жеке менчигиндеги турак үйгө тиешелүү болгон 2000,0 чарчы метр жер аянтынын ичинен 1237,6 чарчы метр болгон жер аянтынын максаттык багыты өзгөртүлүп “турак жай” багыттан “коммерциялык” багытка өзгөртүлсүн.
2. Жер участогуна болгон укугун каттап, укугун күбөлөндүрүүчү документтерди берүү жагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалы мамлекеттик мекемесинин суралсын.
3. Курулушка уруксат берилип, тийиштүү документтерди даярдоо жагы Кара-Суу райондук архитектура жана шаар курулушу башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы архитектура, жерге жайгаштыруу, курулуш, транспорт, жер, айыл чарба, суу чарба жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
| А.Бакиров |