Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 5-августу № 8/1
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-августундагы Баш-Булак айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы”ААК аркылуу лизинг жолу менен “Шевролет Треккер” автоунаасын алуу боюнча №01-13/1660 каты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Баш-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынын 2025-жылдын 5-августундагы VIII сессиясынын протоколунун негизинде Баш-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында Баш-Булак 2025-жылдын 5-августундагы VIII сессиясынын протоколу менен Баш-Булак айыл өкмөтүнүн Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААК аркылуу лизинг жолу менен “Шевролет Треккер” автоунаасын алууга макулдук берилсин.
2. Баш-Булак айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААК аркылуу лизинг жолу менен “Шевролет Треккер” автоунаасын алуу үчүн Баш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Балтабаевге:
- белгиленген тартипте “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимдерин түзүү жана лизингдик милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633-т тескемесинин 3-пунктунун негизинде жана белгиленген тартипте лизинг боюнча төлөмдөрдү аткаруу үчүн жергиликтүү бюджетте тиешелүү жылдарга акча каражаттарын кароо боюнча сунуштарды киргизүү жагы милдеттендирилсин;
3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Бакиров |