Загрузка документа…
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VIII сессиясы
2025-жылдын 5-августу № 8/2
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетине 2025-жылдын тогуз ай ичинде ашыкча түшкөн салыктар боюнча кошумча кирешесин бекитүү жөнүндө
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Кайназаврованын айыл өкмөттүн тогуз ай ичинде бюджетке патенттин негизиндеги салык боюнча ашыкча түшкөн 1000,0 (бир миллион миң) сом ашыкча түшүүлөр болгонун угуп жана талкуулап Баш-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетине тогуз ай ичинде 11122300 патенттин негизиндеги салык боюнча ашыкча түшкөн 1000,0 (бир миллион миң) сом киреше бөлүгүнө бекитилсин.
2. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетине тогуз айда ашыкча түшкөн 1000,0 (бир миллион миң) сом чыгаша бөлүгүнө бекитилсин.
3. Айыл өкммөттүн чыгашалар бөлүгүнүн сарпталуусун статьялар боюнча мыйзам чегинде сарпталууну камсыздоо жагы Баш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Баш-Булак айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Бакиров |