Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 16-февралы №1/17-72
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын
14-октябрындагы №296 Жарлыгын аткаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 "Кыргыз Республикасында маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу каада-салттарын тартипке келтирүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу жана маркумду узатуудагы кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын иреттөө максатында, Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 Жарлыгы менен бекитилген "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоо тартиби" жетекчиликке алынсын жана аткарууга кабыл алынсын.
2.Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү аталган тартипке ылайык, тийиштүү кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын көзөмөлдөө жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагын камсыз кылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Ж. Сулаймановго жүктөлсүн.
2026-жылдын 17-февралында https://kyzyl-oktyabr.gov.kg/kyrgyz-respublikasynyn-prezidentinin-2024-zhyldyn-14-oktyabryndagy-296-zharlygyn-atkaruu-zh-n-nd/ расмий сайтында жарыяланды
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин төрагасы |
Карамырзаев А.Т. |