Редакцияот 25.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин ХХIII шайланышынын)

кезектеги чакырылган VI сессиясы

 

  2025-жылдын 25-июлундагы №46

 

«Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетине кошумча план кылып киргизүү жөнүндө»

 

Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетине алты айлык пландан ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кошумча план кылып киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын) кезектеги чакырылган VI сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетине алты айлык пландан ашыкча түшкөн муниципалдык менчикте турган жердин ижара акысынан түшкөн 2500,0 мин сом кошумча план кылып киргизилсин.

 

Айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн 14211200 беренесине 2500,0мин сом ,чыгаша бөлүгүнө

- аппараттын 2215беренесине-108,4мин сом,2222 беренесине 247,6мин сом,3112 беренесине 50,0мин сом, имараттар жана курулуштар беренесине1594,0мин сом,

- бала бакчанын 3112 беренесине 250,0мин сом,

- орто мектептин 2221 беренесине 250,0мин сом кошумча план болуп киргизилсин.

      

2. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык кенештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тилемамбетовго жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын.

 

3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.

 

 

Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы

  

У.Токтожумаев