Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин ХХIII шайланышынын)
кезектеги чакырылган VI сессиясы
2025-жылдын 25-июлундагы №48
«Айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жобосун бекитүү жөнүндө»
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Жарбашовдун билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын) кезектеги чакырылган VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Жергиликтүү кеңештин депутаттары ушул жобонун негизинде иш алып барышсын.
3.Бул токтомду көзөмөлдөө “регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча жана мыйзамдуулукту, укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы |
У.Токтожумаев |
Тогуз-Торо айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча
ЖОБО
Жалпы жобо
1. “Тогуз-Торо айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча жобо ардактуу атуулдукка көрсөтүү жана наамды ыйгаруу тартибин аныктоо максатында иштелип чыкты.
1.2. Наам берилчү жаран Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар, айылда жашаган жана сыртта жүргөн, айылдын тургундарына тааныш, ошол эле учурда сый- урматка ээ болушу шарт.
1.3. “Тогуз-Торо айыл аймагынын ардактуу атуулу”наамы атуулдун айылы үчүн жасаган кызматына карата берилген эң жогорку ыраазычылык болуп эсептелет. Наам айылдын социалдык- экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн, айыл элинин жыргалчылыгына багытталган ишмердүүлүгү жана айылдын тарыхына жана атак даңкынын өсүшүнө кошкон жетишээрлик салымы үчүн берилет.
1.4. Наам айыл чарба багыттындагы иновациялык иштери үчүн, калктын инфраструктурасын өнүктүрүү багытындагы алгылыктуу иштери үчүн, билим берүү багытындагы жетишкендиктери үчүн, элди жумуш менен камсыздаган ишкерлик багытындагы үзүрү үчүн, социалдык-кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн, саламаттыкты сактоодогу жаңылануу- сапаттуу тейлөөсү жана спорттогу алгылыктуу жетишкендиктери жана жогорку көрсөткүчтөрү үчүн ыйгарылат.
1.5. Айрым учурда наам айыл аймагында жашабаган, бирок айыл үчүн жасаган өзгөчө иштери үчүн (анын ичинде ири демөөрчүүлүк жардам), көрсөткөн баатырдыгы үчүн, өзгөчө кырдаалдар жаралган учурундагы адамдардын өмүрүн куткарууда аткарылган эркиндиктери жана өзгөчө кырдаалдан кийинки кесепетти жоюудагы эрктүүлүктөрү үчүн ыйгарылышы мүмкүн.
1.6. Наам Тогуз-Торо айыл аймагынын депутаты болуп катары менен 2 чакырылышына шайланган депутатына берилиши мүмкүн.
1.7. Наам соттуулугу бар, сунушталган күнгө чейин соттолгон, жаза мөөнөтүн өтөгөн жарандарга ыйгарылбайт.
1.8. Наам 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана жыл аягында Жаңы-жыл майрамына карата 1 жылда эки каралат.
1.9. Наамды ыйгаруу даталуу күндөрдө коомчулуктун катышуусу менен гана жүргүзүлөт.
1.10. “Тогуз-Торо айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамынын ээсине “Тогуз-Торо айыл аймагынын ардактуу атуулу” төш белгиси, наамды тастыктаган күбөлүк, сертификат (айылдык Кеңештин жана айыл өкмөттүн мөөрү менен) кошо тапшырылат.
1.11. Наам берүүгө кеткен чыгымдар айыл өкмөтүнүн эсебинен каржыланат.
2. “Тогуз-Торо айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жана тапшыруу тартиби
2.1. Наамды ыйгаруу сунушу менен кат жузүндө айыл аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ар кандай коомдук уюмдар ( айылдык Кеңеш, жаштар уюму, аксакалдар соту, аялдар кеңеши ж.б) уюшкан эмгек коллективи (дыйкан чарба бирикмелер), бардык түрдөгү мекемелер кайрылууга укуктуу.
2.2. Жеке жарандын кайрылуусу жарабайт
2.3. Кайрылуу айылдык Кеңеш тарабынан сессиядан каралат.
Кайрылуу ичине төмөндөгү документтерди камтышы зарыл:
Ардактуу атуул наамына талапкердин критерийге дал келген жетишкендиктерин жана эмгектерин кеңири камтыган өмүр баяны;
Сыйлыкка сунуштоо боюнча чечимдери;
3x4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
2.4. Сунушталган документтер айыл өкмөттүн жооптуу катчысына берилет.
2.5.Айылдык Кеңештин депутаттары талапкердин документтерин кароо менен наамды ыйгаруу чечимин кабыл алышат же артка кайтарышат.
3. “Тогуз-Торо айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамынын ээсинин укуктары жана жоопкерчилиги
3.1.“Ардактуу атуулу” наамынын ээси күбөлүгүн төш белгисин тагынуу менен майрамдык ар кандай иш-чараларда, жыйындарда катышууга укуктуу.
3.2.“Ардактуу атуул” наамынын ээси айыл аймагындагы мекеме-ишканаларда уюмдарда чогулуштарына катышууга укуктуу.
3.3.“Ардактуу атуул” наамынын ээси төш белгисин тагынып күбөлүгүн көрсөтүү менен майрамдык ар кандай иш-чараларда, жыйындарда сөгүнүүгө,коомдук тартипти бузуусуна тыюу салынат
4. “Тогуз-Торо айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамынан ажыратуу
4.1.“Тогуз-Торо айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамынын ээсине сот күнөөсүн далилдеген мыйзамдуу өкүмү чыккан учурда, элдик жыйындын негизинде айылдык Кеңештин чечими менен наамынан ажыратуу же ажыратпоо жагы каралат.
4.2 Жүрүш-туруш нормалары жана кылган иши айылдык деңгээлдеги жогорку болуп эсептелген наам менен дал келишпеген учурда (чыр- чатак,мушташуу ж.б.у.с) жана ошол фактылар такталган учурда, жазуу түрүндө арыз түшкөндө айылдын “Ардактуу атуул” наамынан ажыратуу жагы каралат.
4.3.“Ардактуу атуул” наамын ажыратуу жашыруун добуш берүү менен аныкталат.Жалпы депутаттардын жарымынан кем эмеси (6) “макул” добуш берсе.
4.4.Наамды ажыратуу чечими кабыл алынган учурда наамды тастыктаган төш белгиси жана күбөлүгү кайтарылып берүүгө тийиш.
5. Добуш берүү тартиби
5.1.Добуш берүү тартиби жабык түрдө болот.
5.2.Бюллетенде наам ыйгарылуучу атуулдун Фамилиясы, Аты, Атасынын аты жана алдына “макул”,”каршы” деп жазылат.
5.3.Эгерде наам алдуучулардын саны көп болсо алфавит боюнча жазылат.
5.4.Ар бир талапкерлерге карата чыгарылган чечимдер жалпы депутаттардын жарымынан кем эмеси (6) “макул” добушун берген учурда ишке ашырылат.
5.5.Добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептөө комиссиясынын чечими менен аныкталат.