Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин ХХIII шайланышынын)
кезектеги чакырылган VI сессиясы
2025-жылдын 25-июлундагы №49
«Тогуз-Торо айыл аймагында Кыргыз Республикасынын салык кодексине 388, 404 беренелерине ылайык К3 зоналдык Коэффициентинин өлчөмдөрү боюнча»
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 388,404-беренелерине ылайык Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн аймагында 2025-жылга карата К3 зоналдык коэффициентинин өлчөмүн бекитүү боюнча айылдык кенештин алдындагы «Экономика жана бюджет боюнча» туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын) кезектеги чакырылган VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 388-беренесине ылайык Тогуз-Торо айыл аймактарында К3 зоналдык коэффициенти төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин.
-турак жай имараттар жана жайлар (үйлөр,батирлер) үчүн зоналдык коэффицент К3 = 2 өлчөмүндө.
-турак эмес имараттар жана жайлар (ишкердик максаттарда пайдаланылган) үчүн зоналдык коэффицент К3 = 2 өлчөмүндө белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 388-беренесине ылайык Тогуз-Торо айыл аймактарында К3 зоналдык коэффициенти төмөндөгүдөй өлчөмдө К3 = 2 белгиленсин.
-үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарбак жер участогу үчүн зоналдык коэффицент К3 = 2 өлчөмүндө белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 404-беренесине ылайык Тогуз-Торо айыл аймактарында К3 зоналдык коэффициенти төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин.
-калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналдык коэффицент К3 = 2 өлчөмүндө белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы |
У.Токтожумаев |