Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин ХХIII шайланышынын)
кезектеги чакырылган VI сессиясы
2025-жылдын 25-июлундагы №50
«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү эрежелерин жөнгө салуу жөнүндө»
Тогуз-Торо айыл аймагынын тургундарынын соц.тармактагы жана ооз эки байма-бай кайрылууларынын негизинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун Каргалык участкасында жайгашкан базасына баруу үчүн Тогуз-Торо айыл аймагынын ички жана тышкы жолдору менен өтүп жаткан оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү эрежелерин жөнгө салып берүү боюнча Тогуз-Торо айылдык кенешинин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын) кезектеги чакырылган VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш ишине, Каргалык участкасында жайгашкан базасына баруу үчүн Тогуз-Торо айыл аймагынын ички жана тышкы жолдору менен нормадан жогорку жүктөлгөн жүк менен өтүүсү, Кара-Чий участкасынан өтүүчү жолго бир дагы жолу суу себилбей, 280 га тоют камдоочу үлүш жер аянтынын чаң басышы, ички жолдор менен жүрүүдө коопсуздук эрежелерин сактабаганы, ички Р.Чокморов жана Т.Кожалиев көчөлөрүнүн асфальттарынын бузулган көйгөйлөрүн чечүү максатында оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү эрежелеринин жолдорунун так сакталышын иштеп чыгуу боюнча Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берилсин.
2. Бул токтомду көзөмөлдөө “регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча жана мыйзамдуулукту, укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы |
У.Токтожумаев |