Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин ХХIII шайланышынын)
кезектеги чакырылган VI сессиясы
2025-жылдын 25-июлундагы №51
«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү эрежелерин жөнгө салуу максатында комиссия курамын түзүү жөнүндө»
Тогуз-Торо йылдык кенешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тилемамбетовго билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын) кезектеги чакырылган VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тогуз-Торо айыл аймагынын тургундарынын ооз эки байма бай кайрылууларына ылайык, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун Каргалык участкасында жайгашкан базасына баруу үчүн Тогуз-Торо айыл аймагынын ички жолдору менен өтүп жаткан оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү эрежелерин жөнгө салуу үчүн төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн.
Тилемамбетов Акназар – Тогуз-Торо айылдык кеңешинин депутаты,
комиссиянын төрагасы
Бейшенбек уулу Нурсултан-Тогуз-Торо айылдык кеңешинин депутаты,
комиссиянын мүчөсү
Абылкасымова Нарынкүл- Тогуз-Торо айылдык кеңешинин депутаты,
комиссиянын мүчөсү
Талантбек уулу Таалай- Тогуз-Торо айылдык кеңешинин депутаты,
комиссиянын мүчөсү
Жарбашов Алтынбек- Тогуз-Торо айыл өкмөт башчысы,
комиссиянын мүчөсү
Арыкмолдоева Ульзана- айыл өкмөт башчысынын орун басары-жооптуу катчысы,
комиссиянын мүчөсү
Дюльдеев Алтынбек- Тогуз-Торо айыл айагынын участковыйы,
комиссиянын мүчөсү
2. Бул токтомду көзөмөлдөө “регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча жана мыйзамдуулукту, укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы |
У.Токтожумаев |