Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
II чакырылышынын кезектеги 10-сессиясы
ТОКТОМ
21.01.2026 №2
Дуванаев Кыдырбек Исаевичке таандык болгон “Өнөр жайынын, транспорттук байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы
жерлер” категориясындагы жер тилкесинин багытын калктуу конуш категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде жергиликтүү кеңештин муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын протоколун карап, талкууга алып, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Дуванаев Кыдырбек Исаевичке таандык болгон “Өнөр жайынын, транспорттук байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясындагы жер тилкесинин багытын калктуу конуш категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов