Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
II чакырылышынын кезектеги 10-сессиясы
ТОКТОМ
30.01.2026 №3
Кыдыр Аке айыл аймагынын 2026-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексин жетекчиликке алып, 2026-жылга Кыдыр Аке айыл аймагынын бюджетин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн экономика жана финансы боюнча башкы адиси Г.Кобогонованын билдирүүсүн, жергиликтүү кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Асанбековдун кошумча маалыматын угуп, талкууга алып, ошондой эле 2026-жылга « айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. 2026-жылга жергиликтүү бюджеттик кирешелери 118384,0 мин сом, атайын каражатынын кирешелери 14000,0 миң сом, жалпы Кыдыр Аке айыл аймагы боюнча кирешелер жана чыгымдар боюнча 132384,0 сом көлөмүндө №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин 2026-жылга чегерилген кирешелердин көлөмү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү бюджетинин чегерилген чыгашаларынын өлчөмдөрү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу эмгек акы фондусунун чектелген көлөмдөрү №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелердин эмгек акы фондусунун чектелген көлөмдөру, 2025-жылы төлөнбөй калган карыздары, 2026-жылдын бюджетине каралган чыгымдардын чегинде төлөө жүргүзүүлөрү сунуш кылынсын жана биринчи кезекте эмгек акы төлөөгө, социалдык фондго төгүмдөр, тамак-аш азыктарын алуу, коммуналдык кызмат көрсөтүү жана жеңилдиктерге каралган чыгымдарды каржылоого жумшалсын.
6. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин атайын каражаттарын казыналыктан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Казыналыктан тышкары пайдаланган каражаттар тиешелүү деңгээлдеги бюджеттерге алынышы бекитилсин.
7. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Б.Асанбековгожүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов