Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
II чакырылышынын кезектеги 10-сессиясы
ТОКТОМ
19.02.2026 №7
Кыдыр Аке жергиликтүү кеңешинин 2026-жылдын 21 январындагы№2 “Дуванаев Кыдырбек Исаевичке таандык болгон “Өнөр жайынын, транспорттук байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы
жерлер” категориясындагы жер тилкесинин багытын калктуу конуш категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесинин жана 82-беренесинин негизинде, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыдыр Аке жергиликтүү кеңешинин 2026-жылдын 21-январындагы №2 “Дуванаев Кыдырбек Исаевичке таандык болгон “Өнөр жайынын, транспорттук байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясындагы жер тилкесинин багытын калктуу конуш категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктундагы “калктуу конуш категориясына” деген сөздөн кийин “турак жай куруу” деген сөз кошулуп өзгөртүлсүн, жалпы аянты 4595 чарчы метр.
2.Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов