ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин ХХIII шайланышынын)
кезексиз чакырылган VII сессиясынын
2025-жылдын 27-августундагы №55
«Тынчтык жөнүндө»
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Жарбашовдун Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 14.08.2025-ж. №27-19633 тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” ПЖ№ 54 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын негизинде, Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн аймагында калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу максатындагы билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин кезексиз чакырылган VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардын бейпилдигин жана тынчтыгын бузуудан корголууга тийиш болгон объекттерде (жайларда) жана аймактарда төмөнкү убакыт аралыгында үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилбесин:
- жумуш күндөрү - саат 22:00дөн 07:00гө чейин;
- дем алыш жана майрам күндөрү - саат 22:00дөн 09:00гө чейин.
2. Айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына жана милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнө:
- калктын эс алуусун камсыз кылуу максатында тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш болгон жайларга жана аймактарга үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол бербөө;
- белгиленген убакыт аралыгында корголууга тийиш болгон аймактарда жана жайларда жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузуучу иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке алып келээри тууралуу коомчулукка жана тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш болгон жайлардын менчик ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө “регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча жана мыйзамдуулукту, укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы |
У.Токтожумаев |