Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин ХХIII шайланышынын)
кезексиз чакырылган VII сессиясынын
2025-жылдын 27-августундагы №56
«Биргелешкен мониторинг жана баалоо комиссиясынын курамын түзүү жөнүндө»
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жасалган жумуштарга байкоо жүргүзүү үчүн биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун түзүү боюнча маселени угуп жана талкуулап, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин кезексиз чакырылган VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн алдында биргелешкен жана мониторинг жана баалоо тобу төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн.
У.Арыкмолдоева-айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы,
Топтун мүчөлөрү:
И.Борболдоев-айыл өкмөтүнүн башкы адиси
У.Рыспаев-айыл өкмөтүнүн бухгалтери
А.Атанаева-айылдык кеңештин депутаты
Г.Иманалиева- аялдар комитетинин мүчөсү
2. Бул токтомду көзөмөлдөө “регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча жана мыйзамдуулукту, укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы |
У.Токтожумаев |