Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин ХХIII шайланышынын)
кезексиз чакырылган VII сессиясынын
2025-жылдын 27-августундагы №57
«Тогуз-Торо айыл аймагынын Дөдөмөл айылындагы А.Бектеналиев атындагы маданият үйү үчүн жер тилкесин бѳлүп берүү жѳнүндѳ»
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Жарбашовдун Дөдөмөл айылындагы А.Бектеналиев атындагы маданият үйүнө мамлекеттик акт алуу үчүн, жер тилкесин бѳлүп берүү жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кеңешинин кезексиз чакырылган VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөдөмөл айылындагы А.Бектеналиев атындагы маданият үйүнө мамлекеттик акт алуу үчүн 951,48 м2 жер тилкеси бѳлүнүп берилсин.
2.Мыйзам чегинде документтештирүү жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер,турак жай, жайыт маселелери боюнча башкы адиси Б.Сасиевге тапшырылсын.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө “регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча жана мыйзамдуулукту, укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы |
У.Токтожумаев |