Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин ХХIII шайланышынын)
кезексиз чакырылган VII сессиясынын
2025-жылдын 27-августундагы №58
«Айыл өкмөтү жергиликтүү демилгелерди тандоо жана аларды ишке ашырууга каралган жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоо жөнүндө»
Жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен жергиликтүү жамаат мүчөлөрүн, алардын бирикмелерин, башка жеке жана юридикалык жактарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышууга шыктандыруу максатында, айыл өкмөтү жергиликтүү демилгелерди тандоо жана аларды ишке ашырууга каралган жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоо жөнүндө бекитилген Жобонун алкагында сынакка ылайык, Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Жарбашовдун билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин кезексиз чакырылган VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өнүктүрүү саясаты институту менен гранттык макулдашууну түзүүнүн жана гранттык долбоорду ишке ашыруу максатында биргелешип каржылоо (дем берүүч) катары берилген гранттын суммасы 52500 (элүү эки миң беш жүз ) сом Тогуз-Торо айыл аймагынын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетине киреше бөлүгү 52500 (элүү эки миң беш жүз ) сомго, чыгаша бөлүгү 52500 (элүү эки миң беш жүз ) сомго өзгөртүлсүн.
2. Ушул токтомдун негизинде Тогуз-Торо айыл аймагынын 2025-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Д.Жунусовага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы |
У.Токтожумаев |