Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү
4-кеңешмеси
2025-жылдын 11-марты № 52
Жергиликтүү жамааттардын уставын бекитүү боюнча
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Эл депутаттарынын Чоң-Алыш айыл аймактык Кеңешинин IХ-чакырылышынын кезексиз 4-сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алыш айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставынын айрым жоболорун турмушка ашыруу боюнча усулдук көрсөтмөлөр № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү жамааттын уставын белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана практикага киргизүү Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Аталган токтом Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн https://chon-alysh.org.kg/?page_id=44 расмий сайтына жарыяланган күндө баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| Т. Бейшеналиев |
|
| Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IX- чакырылышынын 2025-жылдын 11- мартындагы №52 токтому менен бекитилди 1-тиркеме |
Чоң-Алыш айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү уставы
Биз, Чоң-Алыш айыл аймагынын жергиликтүү жамааты, өз аймагыбызда территориябызда жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана өз жоопкерчилигибиз менен чечүү укугубузду жана милдетибизди сезүү менен; ата-бабабыздын “Ырыс алды ынтымак”, “Көп түкүрсө көл” деген накыл кептерин туу тутуп; өзүбүздүн территориябыздагы жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты курууну камсыз кылууну, адеп-ахлакты тазартууну жана чыңдоону, айыл аймагыбызды өнүктүрүүнү максат кылып; жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин күндөлүк турмушка киргизүүнү көздөп, ушул уставды кабыл алабыз.
I. Жалпы жоболор
II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
III. Жергиликтүү маанидеги маселелер
IV. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары