Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз VI- сессиясы
2025-жылдын 22-майы № 69
Аксакалдар Сотунун Регламентин бекитүү жөнүндө
Аксакалдар Сотунун Регламенти менен таанышып жана тактап чыгып, кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аксакалдар Сотунун Регламенти бекитилсин (Регламент тиркелет).
2. Регламенттин негизинде иш алып баруу жагы Аксакалдар Сотунун мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрайымдын орун басары |
| Б.Сулайманов |
|
| Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025- жылдын 22-майындагы кезектеги сессиясынын № 69 токтому менен бекитилген |
Аксакалдар сотторунун
ТИПТҮҮ РЕГЛАМЕНТИ
I . Жалпы жоболор
1. Бул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам), Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык аксакалдар сотторунун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча ишин уюштуруунун эрежелерин белгилейт.
2. Аксакалдар соттору – ыктыярдуу жанажергиликтүү коомчулуктун колдоосунда, шайлануунун жана өз алдынча башкаруунун негизинде түзүлүүчү, Мыйзамда белгиленген тартипте жана учурларда жарандардын, жарандар менен юридикалык жактардын ортосундагы талаш-тартыштар жөнүндө иштерди (материалдарды) кароону жүзөгө ашырууга чакырылган коомдук орган.
3. Аксакалдар соттору Мыйзамда аныкталган тартипте айыл аймактын жана шаардын аймактарында жарандардын чечими боюнча уюштурулат.
4. Аксакалдар сотторунун ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, аталган Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары түзөт.