Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз VI- сессиясы
2025-жылдын 22-майы № 74
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Көпүрө -Базар айылынын тургуну Бекбергенов Бекбайдын 26.12.2024-жылы өзүнө тиешелүү 0,80 га жер тилкесинин багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү арызын тармактык туруктуу комиссиянын отурумундап жана 2 ирээт айылдык кеңештин сессиясында карап жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көпүрө-Базар айылындагы мурдагы универмагдын күн батыш тарабындагы калктуу конушка кирген Качкынбай уулу Ибраим көчөсүндөгү айыл тургуну Бекбергенов Бекбайдын наамындагы 0,80 га жер тилкесинин багытын коммерциялык (сатуу) багытынан калктуу конуш багытына өзгөртүүгө макулдук берилбесин б.а. тармактык туруктуу комиссиянын чечими бекитилбесин.
2. Арыз ээсине айылдык кеңештин чечими тууралуу жооп берүү жагы жооптуу катчыга жүктөлсүн.
Төрайымдын орун басары |
| Б.Сулайманов |