Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз VI- сессиясы
2025-жылдын 22-майы № 75
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Көпүрө-Базар айылынын тургуну Чолпонбаев Жусуптун арызын карап жана талкуулап, жер, айыл чарбасы жана экология, кен казуу иштери архитектура, курулуш, транспорт, ишкердик иштер, кызмат көрсөтүү боюнча тармакттык туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимин карап чыгып, кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көпүрө-Базар айылынын тургуну Чолпонбаев Жусуптун өзүнүн сарайынын жанындагы 0,30 га жерди чаап чөп катары пайдалануу үчүн мыйзамдуу түрдө иштетүүгө келишим түзүү жөнүндөгү арызы КР Мыйзамдарынын талаптарына жооп бербегендигине байланыштуу канааттандырылбасын деген тармактык туруктуу комиссиянын чечими бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрайымдын орун басары |
| Б.Сулайманов |