Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын)
кезектеги чакырылган IX сессиясы
2025-жылдын 14-октябрындагы №59
«Тогуз-Торо айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн Курултайын чакыруу»
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрь №270 IV “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык, Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын берген сунушун угуп жана талкуулап, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин кезектеги чакырылган IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын же курултайынын жыйыны 2025-жылдын 01-ноябрь күнү саат 10-00 дө Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн жыйындар залында өткөрүлсүн.
2.Жергиликтүү Курултайдын делегаттарын шайлоо үчүн айыл аймагы төмөнкүдөй аймактык бөлүктөргө бөлүнсүн: Ленин, Дөдөмөл, Кош-Булак, Өрнөк айылдары.
3.Тогуз-Торо айыл аймагы боюнча делегаттардын жалпы саны 30 адам деп бекитилсин жана айыл аймактын бөлүктөрүндө төмөндөгүдөй ирээтте көрсөтүлсүн.
-Ленин, Өрнөк айылы боюнча делегаттардын саны 18 адам;
-Дөдөмөл айылы боюнча делегаттардын саны 7 адам;
-Кош-Булак айылы боюнча делегаттардын саны 5 адам;
4.Ар бир аймактык бөлүктөрүндө Жергиликтүү Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүү графиги төмөндөгүдөй бекитилсин:
-Ленин, Өрнөк айылдары боюнча 2025-жылдын 20-октябрь күнү саат 10-00 дө айыл өкмөтүнүн жыйындар залында;
-Дөдөмөл айылында
2025-жылдын 21-октябрь күнү саат 10-00 дө Дөдөмөл айылдык клубунун имаратында;
-Кош-Булак айылында 2025-жылдын 21-октябрь күнү саат 12-00 дө Ы.Кадыркулов атындагы орто мектебинин имаратында;
5. Жергиликтүү Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир аймактык бөлүгүндө жыйындарды өткөрүү үчүн жооптуу депутаттардын тизмеси төмөндөгүдөй бекитилсин:
Ленин айылы боюнча:
Тилеманбетов Акназар- К.Азаматов көчөсү;
Бейшенбек уулу Нурсултан - Ы.Кадыркулов,Горная көчөлөрү;
Атанаева Айпери-Р.Чокморов,Т.Жээналиев, К.Абдыжапаров көчөлөрү;
Бекташова Жанара-Тобок Т.Шайнаев көчөлөрү;
Абылкасымова Нарынкүл -Т.Мурзалиев, Я.Бердалиев көчөлөрү;
Талантбек уулу Таалай-Т.Кожалиев көчөсү;
Дөдөмөл айылы боюнча:
Кыдыкбаева Бейшебүбү-Мектеп,Демилге,Дөдөмөл-6көчөлөрү;
Эркинбаев Анарбек-Дыйкан,Береке,Дөдөмөл-2,Дөдөмөл-7 көчөлөрү;
Кош-Булак айылы боюнча
Каамытов Майрамбек;
Өрнөк айыл боюнча:
Тилеманбетов Акназар-Базар,Мазар көчөлөрү;
6.Жергиликтүү Курултайды өткөрүүнү даярдоо жана уюштуруу боюнча жумушчу топтун курамынын саны 5(беш) адам деп бекитилсин жана төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
Токтожумаев Урмат Акматбекович-жумушчу топтун төрагасы,айылдык кенештин төрагасы;
Арыкмолдоева Ульзана Абдылдаевна–жумушчу топтун катчысы, айыл өкмөт башчысынын орун басары-жооптуу катчысы;
Эгембердиева Таалайбүбү Сатыбалдиевна-жумушчу топтун төрагасынын орун басары,айылдык кенештин депутаты;
Тилеманбетов Акназар Садырович-жумушчу топтун мүчөсү,айылдык кенештин депутаты;
Бейшенбек уулу Нурсултан –жумушчу топтун мүчөсү,айылдык кенештин депутаты;
7.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
8.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү жагы Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өз жоопкерчилигиме калтырамын
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы |
У.Токтожумаев |