Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 4-февралы № 1/1
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы 2025-жыл ичиндеги жергиликтүү бюджеттин пайдаланылышы жана аткарылган иштери жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылат:
1. Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Акиевдин 2025-жыл ичиндеги жергиликтүү бюджеттин пайдаланылышы жана аткарылган иштери боюнча отчету “канааттандырарлык” деп белгиленсин.
2. Баетов айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Азимжанов |