Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын)
кезектеги чакырылган IX сессиясы
2025-жылдын 14-октябрындагы №60
«Жалал-Абад өнүктүрүү фонду” мекемесине сунушталып жаткан Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн “Дөдөмөл айылындагы кампаны капиталдык ремонттон ѳткөрүү жана тегирмен, БИМ сатып алуу” долбооруна жалпы элдик жыйындын протоколун бекитип берүү жөнүндө»
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы Жарбашов Алтынбек Турдубековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин кезектеги чакырылган IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жалал-Абад облусттук өнүктүрүү фонду” мекемесине сунушталып жаткан “Дөдөмөл айылындагы кампаны капиталдык ремонттон ѳткөрүү жана тегирмен, БИМ сатып алуу” долбоору боюнча каралган жалпы элдик жыйындын протоколу жактырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык кенештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы |
У.Токтожумаев |