Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын)
кезектеги чакырылган IX сессиясы
2025-жылдын 14-октябрындагы №62
«Айыл аймагынын 2026-2030-жылдарга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын орто мөөнөттүү планын бекитүү берүү жөнүндө»
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы Жарбашов Алтынбек Турдубековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин кезектеги чакырылган IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын (ФАОнун алкагында) 2026-2030-жылдарга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын орто мөөнөттүү планы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык кенештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы |
У.Токтожумаев |