Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын)
кезектеги чакырылган IX сессиясы
2025-жылдын 14-октябрындагы №63
«Эски орду бар, бузулуп кеткен сарайлардын ордун муниципалдык менчикке алуу жөнүндө»
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн жер турак жай, жайыт маселелери боюнча башкы адиси Б.Сасиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин кезектеги чакырылган IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эски сарайлардын орду Каргалыктын сайындагы 757 контурдан 0,15 га, Каргалыктагы 709, 710 контурдан кампа 0,30га, отунчу сарай 0,20га, капташ 0,20 га жалпы 0,70 га, Тай сарайда 708 контурда 0,20 га, Орто көлмө 356 контурда 0,10 га, Ой талаада 608 контурда 1,7 га, Мурзалиев көчөсүндөгү телемунаранын түндүк тарабындагы 0,02 га жер тилкеси, Кош-Булак айылындагы эски тегирмендин жайгашкан орду 0,04га ЖАЛПЫ: 2,87 га Эски орду бар, бузулуп кеткен сарайлардын орду муниципалдык менчикке алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык кенештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы |
У.Токтожумаев |