Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын)
кезектеги чакырылган IX сессиясы
2025-жылдын 14-октябрындагы №64
«Тогуз-Торо өнүктүрүү фонду” мекемесине сунушталып жаткан “Ленин айылынын таштандыларын чыгаруу үчүн унаа сатып алуу” долбооруна жалпы элдик жыйындын протоколун бекитип берүү жөнүндө»
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы Жарбашов Алтынбек Турдубековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын) кезектеги чакырылган IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фонду” мекемесине сунушталып жаткан Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн “Ленин айылынын таштандыларын чыгаруу үчүн таштанды чыгаруучу үчүн унаа сатып алуу” долбоору боюнча каралган жалпы элдик жыйындын протоколу жактырылсын.
2. Бул токтомду көзөмөлдөө “регламент, депутаттык этика, мандат боюнча жана мыйзамдуулукту, укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура-курулуш, транспорт жана экология” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын веб-сайтына жарыялоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы |
У.Токтожумаев |