Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 4-февралы № 1/3
Баетов айыл аймагынын айыл тургундарынын ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө тарифин белгилөө жөнүндө
“Ичүүчү суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, ошондой эле Баетов айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, токтом кылат:
1. Баетов айыл аймагынын абоненттерин ичүүчү таза суунун бир күндүк нормасын жана 1м3 суунун тарифи төмөнкү өлчөмдө бекитилсин.
- Үйдөн суу чыкса бир күндүк суунун керектөө нормасы 1 адамга 100 литр (ичет, жуунат, кир жуулат, кухняга керектелет, жалпы эле 1 адамдын жашоо тиричилигине керектелет)
- Колонкадан суу пайдаланса бир күндүк керектөө нормасы 1 адамга 60 литр.
- Таза суунун 1м3 баасы 15,81 сом.
2. Ушул токтом Баетов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Баетов айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Азимжанов |