Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын депутаттарынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 1
Кара-Буура айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иштелип чыгып, 2024-жылдын 6-декабрындагы №01-25/330 буйругу менен бекитилген, жергиликтүү кеңештердин типтүү регламентин Кара-Буура айылдык кеңеши карап чыгып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айылдык кеңешинин регламенти алымча-кошумчасы менен тиркемеге ылайык бекитилсин.
Тиркеме тиркелет 24 баракта
2. Кабыл алынган токтом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Буура айылдык кеңешинин “Регламент, мыйзамдуулук, курулуш, транспорт, экология, этика жана мандат боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Жеңишбек уулу А. |
|
| БЕКИТИЛДИ
Кара-Буура айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-февралындагы №1 токтому |
Кара-Буура айылдык кеңешинин
РЕГЛАМЕНТИ
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1. Кара-Буура айылдык кеңеши
2. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН СТРУКТУРАСЫ ЖАНА ОРГАНДАРЫ
3. Айылдык кеңештин төрагасы жана орун басары
4. Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары