Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 4-февралы № 1/6
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Нарын областы боюнча башкармалыгынын Ак-Талаа райондук бөлүмүнө кызматтык имарат салууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15-беренесине, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө 2002-жылдын 15-март №37 мыйзамынын 19-статьясына ылайык Баетов айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, токтом кылат:
1. Баетов айылындагы К. Мырзалымбеков көчөсүнүн 4-01-06-1001-2468 идентификациялык кодундагы №11/1 дарегинде жайгашкан жер аянтына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Нарын областы боюнча башкармалыгынын Ак-Талаа райондук бөлүмүнө кызматтык имарат салууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом тиркемеси менен Баетов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Баетов айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Азимжанов |