Редакцияот 21.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2025-жылдын 21-февралы № 2

Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджетинин чыгашадан ашкан кирешелерин бөлүштүрүү жөнүндө

Кара-Буура айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги III сессиясынын чечимине ылайык, Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кенеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча бекитилген бюджетинин чыгашадан ашкан киреше 6 034 527сом 98 тыйын (алты миллион отуз төрт миң беш жуз жыйырма жети сом 98тыйын)) акча каражаты төмөндөгү бөлүмдөргө бөлүнсүн:

·         Аппарат бөлүмүнө -960 000с;

·         ЖКХ бөлүмүнө - 938 000с;

·         Маданият бөлүмүнө – 192 000сом;

·         Бала бакчанын өздүк салымына – 3944 527,98сом

2. Токтомду аткаруу жагы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М Стамкуловго жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердик иш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

 

Жеңишбек уулу А.