Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-январындагы № 37 токтомуна)
Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгарууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин жана өз ара аракеттенүүсүнүн ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгарууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин жана өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары - ЖӨБО) биргелешкен ишинин эрежелерин жана принциптерин аныктайт, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жол-жобосун мүмкүн болушунча колдонуу үчүн баланын эң маанилүү кызыкчылыктарына ылайык иштин жагдайларын ар тараптан изилдөөнүн милдеттүүлүгүн белгилейт.
2. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жол-жобосуна катышкан субъекттер (мындан ары - субъекттер) төмөнкүлөр болуп саналат:
- прокуратура органдары;
- укук коргоо органдары;
- балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- агартуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган;
- илим, жогорку билим берүү жана инновациялар чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган;
- мамлекеттик юстиция органы;
- маданият, маалымат жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган;
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган;
- жергиликтүү мамлекеттик администрация;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- өздөрүнүн компетенциясынын чегинде башка мамлекеттик органдар.
3. Көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар, алардын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү, ошондой эле ЖӨБО кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгарууда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинде жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.
4. Ушул Тартипте колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
1) кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу - баланын өсүүсүнө, укуктук маданиятын жана укуктук тарбиясын жогорулатууга, кылмыштын кайрадан жасалышына жол бербөөгө көмөктөшүүгө багытталган, кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш куугунтугуна альтернативдүү жол-жобо;
2) мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун өз ара аракеттенүүсү - маалымат алмашуу, адистердин (медициналык, педагогикалык, социалдык, укук коргоо жана башка) катышуусу, мүнөздөмөлөрдү, таасир этүү чаралары боюнча сунуштарды берүү, ошондой эле реабилитациялык иш-чараларды жана жергиликтүү деңгээлде жеткиликтүү билим берүү, спорттук, маданий жана социалдык ресурстарды колдонуу менен балага жүктөлгөн милдеттердин тизмесин биргелешип иштеп чыгуу;
3) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери - алгачкы текшерүү, тергөө, прокуратура органдарында, сотто балдардын кызыкчылыктарын жактоого ыйгарым укуктуу адам;
4) балдардын иштери боюнча адистештирилген тергөөчү, прокурор, судья - балдар үчүн юстиция маселелери боюнча кошумча адистештирилген окуудан өткөн жана мыйзам менен келишпестикке барган балдарга, жабырлануучуларга жана күбөлөргө карата кылмыш-жаза сот ишин жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу кызмат адамы;
5) балдар иштери боюнча адистештирилген адвокат - балдар үчүн юстиция маселелери боюнча кошумча адистештирилген окуудан өткөн, мыйзам менен келишпестикке барган балдарга, жабырлануучуларга жана күбөлөргө карата кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө коргоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу адвокат;
6) мыйзам менен келишпестикке барган бала - иш боюнча шектүү, айыпталуучу, ошондой эле тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында күбө болгон 18 жашка чыга элек адам;
7) мыйзамдуу өкүлдөр - шектелген, айыпталуучу баланын же жабырлануучу баланын, күбө баланын ата-энеси, асырап алуучулары, камкорчулары же көзөмөлчүлөрү, алар көзөмөлүндө турган мекеменин же уюмдун, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү;
8) баланын эң маанилүү кызыкчылыктарын аныктоо - баланын укуктарына тиешелүү чечимдерди кабыл алууда баланын эң маанилүү кызыкчылыктарын аныктоо үчүн арналган өзгөчө жол-жоболук кепилдиктер менен коштолгон процесс;
9) келишим - мамлекеттин атынан тергөөчүнүн жана прокурордун жана биринчи жолу кылмыш жасаган баланын, ошондой эле анын мыйзамдуу өкүлүнүн ортосунда баланын өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаргандыгы үчүн кылмыш-жаза куугунтуктоосун токтотуунун кепилдиктери жөнүндө жазуу жүзүндөгү келишим;
10) милдеттердин тизмеги - бул баланы кайра социалдаштырууга көмөктөшүүгө жана кайталап укук бузууну болтурбоого багытталган, баланын социалдык-психологиялык мүнөздөмөсүнүн жана жергиликтүү деңгээлде болгон ресурстардын (ийримдердин жана спорттук секциялардын, маданий жана коомдук иш-чаралардын, волонтердук программалардын жана социалдык пайдалуу активдүүлүктүн башка формаларынын) негизинде баланы коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу жөнүндө келишимге киргизилүүчү иш-чаралардын жана талаптардын тизмеси.