Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 111 токтомуна)
“И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту” жогорку авиациялык окуу жайынын
уставы
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-июлундагы № 461 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. “И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту” жогорку авиациялык окуу жайы (мындан ары – Авиаинститут) жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки, кошумча, орто кесиптик жана жалпы орто билим берүүнүн кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүү уюму болуп эсептелет.
2. Авиаинститут өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин, Кыргыз Республикасынын Аба кодексин, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Авиаинститут “И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжи” мамлекеттик билим берүү мекемесинин укук улантуучусу болуп эсептелет.
4. Авиаинституттун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
5. Авиаинституттун ишине жалпы жетекчиликти жана координацияны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Мамлекеттик агенттик) жүзөгө ашырат. Авиаинститут Мамлекеттик агенттиктин түзүмүнө кирет.
6. Авиаинститут өзгөчө статусуна ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда аныкталган чектерде билим берүү процессин жүзөгө ашырууда, кадрларды тандоодо жана жайгаштырууда, илимий жана башка ишти жүргүзүүдө өз алдынчалуулукка ээ.
7. Авиаинститут өзүнүн уюштуруу-укуктук формасы боюнча билим берүү мекемеси болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы менен логотиби бар. Ал өз алдынча баланска, өздүк алыш-бериш эсептерге ээ.
8. Авиаинституттун расмий аталышы:
– кыргыз тилинде: “И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту”;
– орус тилинде: “Кыргызский авиационный институт имени И. Абдраимова”.
9. Авиаинституттун кыскартылган аталышы:
– кыргыз тилинде: “Авиаинститут”;
– орус тилинде: “Авиаинститут”.
10. Авиаинституттун юридикалык дареги: 720009, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Академик Лущихин көчөсү, 60.