Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 8
Кара-Буура айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставын
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 12-декабрындагы №279 сандуу Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын бекитүү жөнүндөгү буйругуна ылайык, Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
(Тиркеме тиркелет 15 баракта 30 бет)
2. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жиберилип, ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Абдрашит кызы Зейнепке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы спорт, жаштар иштери жана социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Жеңишбек уулу А. |
|
| БЕКИТИЛДИ
Кара-Буура айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21- февралындагы №8 токтому |
Жергиликтүү жамааттын Уставы.
Биз, Кара-Буура айыл аймагынын жергиликтүү жамааты,
өз аймагыбызда территориябызда жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана өз жоопкерчилигибиз менен чечүү укугубузду жана милдетибизди сезүү менен;
ата-бабабыздын “Ырыс алды ынтымак”, “Көп түкүрсө көл” деген накыл кептерин туу тутуп;