Редакцияот 21.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги III сессиясы

2025-жылдын 21-февралы № 13

Кара-Буура айыл аймагындагы “Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо, имараттардын, курулмалардын фасадынын тышкы көрүнүшү боюнча” Жобону бекитүү жөнүндө

Архитектура департаментинин Айтматов районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2024-жылдын 18-декабрындагы 01-6/15 сандуу катында сунушталган Жобону карап жана талкуулап, Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Буура айыл аймагындагы “Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо, имараттардын, курулмалардын фасадынын тышкы көрүнүшү боюнча” Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.

(Тиркеме тиркелет 29 баракта) 

2. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жиберилип, ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Абдрашит кызы Зейнепке милдеттендирилсин. 

3. Токтомду аткаруу жагы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Стамкуловго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Буура айылдык кеңешинин “Регламент, мыйзамдуулук, курулуш, транспорт, экология, этика жана мандат боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

 

Жеңишбек уулу А.

 

 

БЕКИТИЛДИ

Кара-Буура айылдык кеңешинин

2025-жылдын 21-февралындагы №13

токтому

Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо, Кара-Буура айыл аймагындагы имараттардын, курулмалардын фасадынын тышкы көрүнүшү боюнча Жобо

1. Жалпы жоболор

Кара-Буура айыл аймагындагы имараттардын, курулуштардын фасадынын тышкы көрүнүшү боюнча талаптар, маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо эрежелери Кара-Буура айыл аймагындагы жер участкаларында, имараттарда, курулуштарда жана кыймылсыз мүлк объектилеринде маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун жана эксплуатациялоонун эрежелерин жана талаптарын, маалыматтык, жарнамалык конструкциялардын демонтажынын тартибин, ошондой эле Кара-Буура аймагындагы имараттардын, курулуштардын фасадынын тышкы көрүнүшүнө карата аткаруу үчүн милдеттүү жана бирдиктүү талаптарды белгилейт.

1. Ушул Эрежелер «Мамлекет аралык «ГОСТ 33027-2014» стандарт. Мамлекет аралык стандарт. Жалпы колдонуудагы автоунаа жолдору. Сырткы жарнама каражаттарын жайгаштыруу талаптарына», Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө», «Жарнама жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкуруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектурасы жөнүндө» Мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.