Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 4-февралы № 1/7
Баетов айылындагы LED экранга жайгаштырылуучу жарнаманын кызмат акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15-беренесине, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө 2002-жылдын 15- март №37 мыйзамынын 19-статьясына ылайык Баетов айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, токтом кылат:
1. Баетов айылындагы LED экранга жайгаштырылуучу жарнаманын кызмат акысы төмөнкү өлчөмдө бекитилсин:
- Ар бир LED экранга бир күнгө 200 (эки жүз) сом.
- Ар бир жарнаманын узактыгы (видео ролик) 15 секунддан ашпоо зарыл.
2. Ушул токтом тиркемеси менен Баетов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Баетов айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Азимжанов |