Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 4-февралы № 1/8
Баетов айылдык кеңешинин 18-ноябрь, 2025-жыл № 14/1 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген жобого ылайык, Баетов айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, токтом кылат:
1. Баетов айылдык кеңешинин 18-ноябрь, 2025-жыл № 14/1 токтом “Баетов айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартиби жөнүндө сунушталган ЖОБОго төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
o 2-глава, 6-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
Көмүү жайларын брондоонун наркытөмөнкү формула боюнча аныкталат:
БН = ЭК + К, мында:
БН – брондоонун наркы,
ЭК – административдик-аймактык бөлүүнүн градациясы боюнча аныкталуучу эсептик көрсөткүч (республикалык маанидеги шаарлар үчүн – 1000 (бир миң), облустук маанидеги шаарлар -750 (жети жүз элүү) жана райондук маанидеги шаарлар жана айылдар -500 (беш жүз).
К – маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтар түзүлгөн жана иштеген жерлерде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүчү кошумча кызматтардын коэффициенти. Кошумча кызмат көрсөтүүлөргө төмөнкүлөр кирет:
– көрктөндүрүү (жолдор, тосмолор, жарыктандыруу);
– жашылдандыруу жана бак-дарактарга кам көрүү;
– суу менен камсыздоо (сугаруу, техникалык муктаждыктар);
– дааратканалар болгон учурда турмуш-тиричилик калдыктарын чыгаруу ж.б.;
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Көрүстөндөрдө көмүү жайларды брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” №502 токтому менен бекитилген жобого ылайык Баетов айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо боюнча иш алып барууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарууга алуу Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Акиевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом тиркемеси менен Баетов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Баетов айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Азимжанов |
Баетов айыл аймагындагы көрүстөндөрүндө көмүү жайларын
брондоо тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо (мындан ары – брондоо) эрежелерин, анын ичинде шарттарын, мөөнөттөрүн, наркын жана тариздөө жол-жобосун аныктайт.
2. Ушул Тартиптин максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
3. жарандардын сөөгүн жайга кадыр-барктуу коюуга болгон укуктарын камсыз кылуу;
4. санитардык, экологиялык, шаар куруу жана диний-маданий ченемдерди сактоо;
5. көрүстөндөрдү эсепке алууну жана натыйжалуу башкарууну системалаштыруу;
- кызмат көрсөтүүнүн жана пайдалануунун ачык-айкын механизмин түзүү.
3. Укуктук негизи:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;