Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 4-февралы № 1/9
Ак-Талаа райондук мамлекеттик салык кызматына кызматтык жаңы имарат салууга жер аянтын берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15-беренесине, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө 2002-жылдын 15-март №37 мыйзамынын 19-статьясына ылайык Баетов айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, буйрук кылат:
1. Ак-Талаа райондук мамлекеттик салык кызматына кызматтык жаңы имарат салууга эски имаратын алмашуу жолу менен Баетов айылынын К.Молдобасан көчөсүнүндөгү 4-01-06-1001-1496 идентификациялык кодундагы жалпы 1348м2 жер аянтын берүүгө макулдук берилсин.
2. Ак-Талаа райондук мамлекеттик салык кызматынын эски имараты жер аянты менен салык кызматынын жаңы имаратынын куруу процесси аяктап ишке берилгенден кийин Баетов айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
3. Ушул токтом тиркемеси менен Баетов айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Баетов айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Азимжанов |