Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2025-жылдын 9-декабры № 79
Айыл тургундарынын арыздарын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу № 291 токтомунун негизинде, комиссиянын төрагасы А. Бекиевдин Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссиянын жер мунапысына кирбей калышкан Эски Покровка, Кызыл-Сеңир, Жаңы- Ынтымак айылдарындагы жалпы элдик жыйындардын протоколдорун жана сунушталган материалдары менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат,
1. Элдик жыйындардын протоколдору менен 2021-жылга чейин курулган пайдубалдар (салынган үйлөр).
- Эски Покровка айылынан;
Маматибрагим кызы Толгонай.
-Кызыл-Сеңир айылынан;
Сейталиев Асан, Мисиралиев Садирали, Патидинов Ариет, Таалай уулу Кутбилим.
-Жаңы-Ынтымак айылынан;
Мурзаева Бактыгүл, Жусупбеков Кымбатбек, Калетов Айбек, Жумабаев Гапар жана Бактыбек уулу Залкар турак жайларынын пайдубалдарын (салынган үйлөр) курушкандыгы аныкталгандыгына байланыштуу, Өзгөн райондук жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиясына кайрадан кароо жагы сунушталсын.
2. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы А. Айбашевге бул токтомду жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына ( А. Шадмановго) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |