Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2025-жылдын 9-декабры № 82
Жер тилкесин аныктоо жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылынын тургуну Алимбеков Абабакирдин жерге жайгаштыруу делосунда индентификациялык: 5-06-12-1008-0594 коду менен катталып берилген, Кызыл-Октябрь айылында жайгашкан жалпы 1900 м2 жер аянтынын ичинен дүкөн (навести) менен ээлеген 90 м2 жер аянтын аныктап берүү боюнча арызын карап, берилген материалдар менен таанышып, айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун сунушун талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат,
1.Алимбеков Абабакирдин жерге жайгаштыруу делосунда индентификациялык: 5-06-12-1008-0594 коду менен берилген, Кызыл-Октябрь айылында жайгашкан жалпы 1900 м2 жер аянтынын ичинен дүкөн (навести) менен ээлеген 90 м2 жер аянты анык деп белгиленсин.
2. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы А. Айбашевге бул токтомду жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына ( А. Шадмановго) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |