Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
1-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы
2026-жылдын 10-февралы №1
Минбаев Эрнис атындагы бала бакчага 10 сааттык тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамын, "Билим берүү жөнүндө" жана "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" мыйзамдарын жетекчиликке алып, ошондой эле Минбаев Эрнис атындагы бала бакчанын директору Ж.Токонованын кайрылуусун карап чыгып, угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Минбаев Эрнис атындагы бала бакчага 10 сааттык тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин..
Төрага | А. Муталиев |