Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XI сессиясы
2026-жылдын 27-январы № 83
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025- жылдын
12-айында аткарган иштери (отчёту) жөнүндө
Бюджет Кодексинин 78-беренесинин 4-пунктунун Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун негизинде жана айылдык кеңештин Регламентинин 2-пунктунун 2-3 пункутчаларын жетекчилике алып, бюджет финансы салык, инвестициялар тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 12-айында аткарылган иштери жөнүндөгү айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековдун маалыматын угуп, берилген материалдар менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат,
1. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун 2025- жылда айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө жана белгиленген бюджетин аткарган иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетин киреше бөлүгүн толтурууга, кошумча киреше булактарын табууга жана мыйзамдуу иш алып баруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы А. Айбашевге бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жана ишкердик боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (Б. Усеновго) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |