Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 30-декабры № 11/1
«Мамлекеттик айыл чарбафондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясын жана регламентин бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 «Мамлекеттик айыл чарба фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу» токтомдун 21, 22-пунктуна ылайык З. Кайназарова атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогоруда көрсөтүлгөн Токтомдун 21-пунктуна ылайык, Мамлекеттик айыл чарба фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн жер комиссиясы төмөнкү курамда түзүлсүн, жер комиссиясынын ишинин регламенти 22-пунктуна ылайык бекитилсин (№1 тиркеме)
1. Картанбаев Нурдин Бейшенбаевич – жер комиссиясынын төрагасы, жергиликтүү кеңештин депутаты;
2. Асанканов Улан Эмильбекович – жер комиссиясынын катчысы, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы;
3. Жумашалиев Айдарбек Кубанычбекович – З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы;
4. Курамаев Бакыт Замирович – жергиликтүү кеңештин депутаты;
5. Алыбеков Мурадиль Шайлобекович – жергиликтүү кеңештин депутаты;
6. Мусаев Эркин Каримович – жергиликтүү кеңештин депутаты;
7. Биленко Оксана Владимировна – жергиликтүү кеңештин депутаты;
8. Борончу уулу Ниязбек -жергиликтүү кеңештин депутаты;
9. Джангазы уулу Расул -жергиликтүү кеңештин депутаты;
10. Саидов Тахир Азизович – З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн Өзгөчө кырдаалдар, спорт жана жаштар саясаты боюнча жетектөөчү адиси;
11. Намазалиев Каныбек Сатыбекович – З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн Жер маселелер жана муниципалдык менчик боюнча башкы адиси;
12. Бобушев Жеңишбек Астаркулович – З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча жетектөөчү адиси;
13. Айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Сокулук райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын (РАӨБ) өкүлү;
14. Момукулов Мирлан Бекболотович – Белек айылынын айыл башчысы (староста);
15. Джунусалиев Бактыбек Дыйканбекович – Национальное айылынын айыл башчысы (староста).
2. Комиссия өз ишин №243 Токтомго жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Жер кодексине ылайык, «Мамлекеттик айыл чарба жерлери фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобонун» талаптарына ылайык баштасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдү өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Э.Б. Ибраимов | |
|
| Тиркеме №1
БЕКИТИЛДИ З.Кайназарова атындагы айылдык кеңешинин 2025-жылдын 30-декабрь № 11/1 токтому менен Төрага___________ Э.Б.Ибраимов | |
З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын ишинин регламенти
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында Жер комиссиясынын курамын жана иш регламентин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 Токтомунун Типтүү жобонун 22-пунктуна ылайык айылдык кеңеш тарабынан бекитилет.
Регламент З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча иш тартибин бекитет.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери ижарага тоорук аркылуу жана түз берүү аркылуу берилет.
2. Жер комиссиянын ишинин укуктук негизи Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 Токтомунун, З.Кайназарова атындагы жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилген иш регламентинин негизинде иш алпарат.
3. Жер комиссиясынын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №243 Токтомунун Типтүү жобонун 21 пунктунуна ылайык З.Кайназарова атындагы жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилет. Жер комиссия мүчөлөрүнүн саны – 7 адамдан кем эмес болгон жер комиссиясын түзөт. Курамына төмөнкүлөр кирет: айылдык кеңештин депутаттары, 3 адамдан кем эмес ошондой эле айыл башчылары, айыл окмотунун башчысы кызмат орду боюнча Жер комиссиясынын курамына кирет. РАӨБ (Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын) өкүлдөрү жана коомчулуктун өкүлджөрү да кириши мүмкүн.
4. Жер комиссиянын ишин уюштуруу Комиссия өз ишин №243 Токтом менен бекитилген «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобонун» талаптарына ылайык жүргүзөт.
Жер комиссиясынын отурумдары зарылчылыкка жараша, бирок кварталына кеминде бир жолу өткөрүлөт.
Эгерде Жер комиссиясынын отурумуна комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, отурум укуктуу (кворум бар) деп эсептелет.
5. Арыздарды кароо тартибиЖер комиссия жарандардын жана юридикалык жактардын Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин берүү жөнүндө арыздарын карайт.
Кароо төмөнкүлөрдү камтыйт:
-сунушталган документтерди изилдөө;
-зарылчылык болсо жерине баруу;
-документтерди №243 Токтомго ылайык кароо.
Кароонун жыйынтыгы боюнча Жер комиссия жөнөкөй көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алат.
6. Отурумдардын протоколдору Ар бир отурумда Жер комиссиясынын Катчысы (Башчынын орун басары – жооптуу катчы) тарабынан протокол жүргүзүлүп, ага төрага жана комиссиянын катчысы кол коет.
Протоколдор айыл өкмөтүндө иш кагаздарын жүргүзүү эрежелерине ылайык сакталууга тийиш.
7. Корутунду жоболор Регламентке өзгөртүүлөр жана толуктоолор айыл өкмөтүнүн, жер комиссиясынын сунушу боюнча киргизилет жана жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилет.
Регламент №243 Токтомдун 22-пунктуна ылайык, З.Кайназарова атындагы жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.