Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 30-декабры № 11/3
Жердин өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” типтүү жобонун 14-беренесинин негизинде
З.КАЙНАЗАРОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерлеринен ижарага түз сүйлөшүүлөр жолу менен пайдаланууга аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жарандарга,ижара акысы жер салыгынын өлчөмүндө белгилөө менен берилсин. Берилген жердин өлчөмү 3 га деп белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Намазалиев К.С. тиешелүү иш алып барсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл Айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жумашалиевге жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Картанбаев Нурдин Бейшенбаевичке жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдү өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Э.Б. Ибраимов |