Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XI сессиясы
2026-жылдын 27-январы № 84
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026- жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 102-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык, айылдык кеңештин Регламентин жетекчилике алып, бюджет, финансы, салык, инвестициялар тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026- жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун маалыматын угуп, берилген материалдар менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат,
1. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026- жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 54 643,9 (элүү төрт миллион алты жүз кырк үч миң) сом, анын ичинен республикалык бюджеттен каралуучу теңдештирилүүчү грант 15073,1 (он беш миллион жетимиш үч миң бир жүз) сом, бала бакчалардын атайын каражаты 9500,0 (тогуз миң беш жүз ) сом, жергиликтүү бюджет 30069,9 (отуз миллион алтымыш тогуз миң тогуз жүз) сом.өлчөмүндө бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2027- жылга киреше бөлүгү жергиликтүү бюджет 33 599,7 (отуз үч миллион беш жүз токсон тогуз миң жети жүз) сом, бала бакчалардын атайын каражаты, 9500,0 (тогуз миң беш жүз ) сом. Жалпысы 43 099,7 (кырк үч миллион токсон тогуз миң жети жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2028- жылга киреше бөлүгү жергиликтүү бюджет 37 459,4 (отуз жети миллион төрт жүз элүү тогуз миң төрт жүз) сом, бала бакчалардын атайын каражаты, 9500,0 (тогуз миң беш жүз ) сом. Жалпысы 46 959,7 (кырк алты миллион тогуз жүз элүү тогуз миң жети жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Чыгашалардын корголгон беренелери, бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош орундарга, жана укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүндүгү эске алынсын.
5. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025- жылдагы бюджетинин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерин (коммуналдык кызматтар, электр энергия, каттуу отун-көмүр, тамак-аш, эмгек акы, социалдык фонд төлөмдөрү, байланыштуу чыгымдарын) жабууга багытталышы керектиги эске алынсын.
6. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн аймагындагы мүлк салыктары 2026-жылдын 01- январынан тартып айыл өкмөтүнүн бюджетинде калтырылсын.
7. Республикалык бюджеттен келүүчү теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык төлөмдөр, каммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, каттуу отун-көмүр) боюнча чыгашаларды толук каржылоого багытталсын жана жоопкер болушары эскертилсин.
8. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү мыйзамынын 24-беренесине ылайык айыл өкмөттүн резервдик фонду 2026- жылга 250,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100% Кыргыз Республикасынын бюджетинин кирешесине алынып койулары эскертилсин.
10. Республикалык бюджеттен келген бюджеттик каражаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максатуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган каражаттары тиешелүү бюджеттерге кайра кайтарылып алынаары эске алынсын.
11.Жергиликтүү бюджетке айыл өкмөтү тарабынан киргизилүүчү (бир бөлүм ичинде жылдыруулар болгондо), жана өзгөртүүлөр жана тактоолору (бир бөлүмдөн экинчи бөлүмдөргө жылдыруулар болгондо) жергиликтүү кеңеш тарабынан каралгандан жана кабыл алынгандан кийин аткарууга алынат. Айланма кассалык калдык айыл өкмөттүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаттары 2026 - жылдын 01-январына карата 165,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
12.Жайыт комитетинен түшүүчү салык көлөмү 250,0 миң сом экендиги белгиленсин.
13. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
14. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
15. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жан ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы ( Б. Усеновго) жуктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |