Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XI сессиясы
2026-жылдын 27-январы № 85
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025- жылдан калган (калдык) акча каражаттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине жана айылдык кеңешинин Регламентинин 2-пунктунун 4-пункутчасына таянып, айылдык кеңештин финансы, экономикалык маселелер, инвестиция тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат,
1.Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025- жылдын жергиликтүү бюджетинен калган (калдык) 3527,1 (үч миллион беш жүз жыйырма жети миң бир жүз) сом акча каражаттары 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгашалар бөлүмүнө кошумча сметалар түзүлсүн.
2.Бала бакчалардын 2025-жылдагы калдык 820,9 (сегиз жүз жыйырма миң тогуз жүз) сом атайын акча каражаттарына 2026-жылга кошумча сметалар түзүлсүн.
3.Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (Б. Усеновго) жуктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |