Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 30-декабры № 11/4
«Жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө»
Тилибаев Ахат Аблетовичтин арызын окуп, талкуулап 2025-жылдын 23-декабрындагы №10 жер комиссиясынын корутундусунун, жана З. Кайназарова атындагы айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын кезектеги сессиясынын №11 чечиминин жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чат-Кель айылынын Украинская көчөсү н/ж дарегинде жайгашкан мурунку “Гараж алдындагы жертилкеси (под территорию гаража)” деп аталган жер тилкеси ЕНИ -7-08-21-1001-0933 2000,0 кв.м максаттык багыты “Жеке турак жай салуу багытына” (ИЖС) өзгөртүлсүн.
2. Айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте иш алып барсын.
3. Токтомдун аткарылышы З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер боюнча комиссиянын төрагасы Н.Б. Картанбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.Б. Ибраимов |