Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XI сессиясы
2026-жылдын 27-январы № 87
Катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга тарифтерди
бекитүү жөнүндө
“Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39- беренесинин 5- пункутун, айылдык кеңештин Регламентинин 2-пунктунун 13-пункутчасын жетекчилике алып, айыл аймактын тургундарынын элдик жыйындардын протоколдорун эске алуу менен, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 18- мартындагы № 35 сандуу токтому күчүн жоготу деп табуу жөнүндө жана айылдык кеңештин финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат,
1. Катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга төмөнкү тарифтер калк үчүн: (жеке турак жайда) жашагандар - 1 (бир) айга кабына 25 (жыйырма беш) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Таштанды чыгаруу үчүн төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат: пенсионерлер; майыптар; жетим жана толук эмес жетим балдар.
3. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго жана “Кызыл-Октябрь-Ийгилик” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси Н. Темировго милдеттендирилсин.
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жан ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы ( Б. Усеновго) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |